Кичи-Өрүктү айылында жаны мечит эл кызматына берилди

Түп районунун Кичи-Өрүктү айылында жаңы мечит курулуп, эл кызматына берилди. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев жеринде билдирди. Баш имам хатибдин айтымында Кичи-Өрүктү айылына бүгүнкү күндүн талабына ылайык заманбап шарты менен курулган мечиттин ачылышы көпчүлүктү кубандырып, жаштарга ыйман чөйрөсүндө таалим-тарбия берип, ыймандуу болууларына өбөлгө болмокчу. Мечиттин ачылыш саамалыгына район акими Элчибек Жантаев катышып, жаштарды  ыймандуулукка, адептүүлүккө, боорукерликке  үйрөтүү керек экендигин билдирди.

Саамалык алкагында жалпы катышуучулар, айыл жаштары, аксакалдар жана коноктор биргеликте намаз окушуп, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин Жараткандан сурап дуба кылышты.