Муфтият Орусия Федерациясы жана Белорусия Республикасынын союздук мамлекеттеринин коомдук палатасы менен эки тараптуу келишимге кол койду

Кыргызсан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы улуттар ортосундагы достукту чыңдоо,  тыгыз  кызматташуу жана  өз ара колдоо көрсөтүүнү бекемдөө максатында Орусия Федерациясы жана Белорусия Республикасынын союздук мамлекеттеринин коомдук палатасы менен эки тараптуу келишимге кол койду. Саамалык Орусия Президентинин аппараты  тарабынан Союздук мамлекеттердин ортосундагы коомдук палатанын 2чи жылык съезди алкагында өтүп, иш чарага Кыргызсан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Азамат Исмагомбетов катышты.

Муну менен катар бул күнү Союздук мамлекеттердин ортосундагы коомдук палатанын 2017-2018 жылдардагы отчету угулуп, Союздук мамлекеттердин ортосунда тыгыз иш алып баргандар медалдар менен сыйланышты. Ошондой эле  эл аралык кызматташтыкты жайылтуу жана өнүктүрүү, палатанын мүчөлөрүнүн ийгиликтүү долбоорлору жана иш алып баруудагы өнөктөш уюмдардын салымдары боюнча докладдар окулду. Союздук мамлекеттердин ортосундагы коомдук палатанын курамында министрлер, көрүнүктүү ишмерлер, актерлор, спортсмендер жана башкалар бар.

Союздук мамлекет пайда болушу жана өнүгүү тарыхы

СССР таркап, КМШ түзүлгөндөн кийин 1992-жылдан тарта уюмга Орусия менен Беларусия ортосундагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелерди бекемдеди. Келишимде Белорусия жана Орусия  шериктештигин тургузуу, эки өлкөнүн материалдык жана интеллектуалдык дараметин бекемдөө максатында, саясий жана экономикалык жактан комплекстүү коомчулук түзүү жөнүндөгү чечимдер кабыл алынган. Ошондой эле келишимде Беларус жана Орусия шериктештигин  жана өкүлчүлүк органын түзүү берилген.

-1996-жылдын 29-апрелинде Санкт-Петербургда эки өлкөнүн парламенттеринин жетекчилери Парламенттик ассамблеясы тууралуу келишимге кол коюшту.

-1997-жылдын 2-апрелинде  Орусия, Белорусия президенттери Белорусия жана Орусия  союзу боюнча макулдашууга кол коюшту. 1997-жылдын 2-апрелинен тартып Белорусия жана Орусия биримдигинин күнү катары белгиленет.

1998-жылдын 25-декабрында эки өлкөнүн  Президенттери Белоруссия жана Орусиянын келечеги,  биримдиги  жөнүндө документке кол коюшкан.