Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдардын отчетторун угуп, дин кызматкерлери ортосундагы тажрыйба алмашуу боюнча тапшырма берди

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев райондогу жалпы  имамдар менен жолугушуп, алардын  ишмердүүлүктөрүнөн кабар алды. Жолугушуу Кош-Көл айылдык мечитинде өтүп, анын алкагында ар бир айлык отчетторду тапшыруу, мечиттердин тазалыгына көнүл буруу, КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйрук, билдирүүлөрдүн аткарылышы, адеп-ахлак тарбия сабактарынын өтүлүшү жана даават кылууда КМДБнын жобосуна көңүл бөлүү сыяктуу маселелер каралып, ар бир имамдын ишмердүүлүгүнө баа берилди.

Мындан сырткары аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында коомдук иш-чараларды өткөрүү, бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, терс диний агымдардын алдын алуу жана коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эл ортосундагы ынтымак менен биримдикке көңүл буруу, имамдардын тажрыйба алмашуусу боюнча Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев бир катар тапшырмаларды берди.