Кадамжайдагы имамдар суицид жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүштү

Кадамжай районунун имамдары Алип Көчкөнбаев,  Айбек Кузибеков жана бир катар  имамдар Майдан айыл өкмөтүндөгү  “Козубай” атындагы  орто мектебинде өзүн-өзү өлтүрүү, кылмыштуулук, зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө имамдар өзүнүн өмүрүнө кол салуу арам экендигин айтышып,  ыйык Куранда: «Өзүңөрдүн жаныңарды жана үй-бүлөңөрдүн жанын тозоктун отунан сактагыла»,- деп айтылгандыгын түшүндүрүп, балдарга дин таалимин, ыймандуулукту үйрөтүү керектигин белгилешти.

Жан, өмүр Алланын улуу белеги болуп саналат. Ошондуктан өзүбүздүн жаныбызды кадырлашыбыз керек», – деди жыйынга катышкан имамдар.

Ошондой эле жыйындын уюштуруучулары бул көйгөйдү олуттуу кароого чакырып, жаш муундарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, аларга жакындан көңүл буруш керек экенин баса белгилешти.

Иш чарага айыл башчылары, мектеп директорулору, мугалимдер, ата-энелер катышып, жыйын маанилүү болгондугун баса белгилешти.