Таластагы имамдарга Куран китебинин кыргызча котормосу жана «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китеп таратылды

Талас шаарынын борбордук «Ааль аль Байт» мечитинде Талас облусунун имам хатибтери менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов жана ОшМУнун теология факультетинин мугалими Шумкар Масиралиев жолугушуп, Куран китебинин кыргызчасын жана «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китепти белекке беришти. Иш чарага Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, казыят кызматкерлери жана имамдар катышып, эл менен иш алып барууда  жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууда  дин кызматкерлеринин эмгеги жана мүмкүнчүлүгү чоң экендигин айтышты. Ал эми Талас облусунун мусулмандар казыяты келген конокторго имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга кошкон салымдары үчүн ыраазылык билдирип, ыраазычылык баракчасын тапшырды. Андан соң облустук казыяттын кеңсесинде Курандын кыргызча котормосунан 300 даана, ал эми «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китептен 50 даана имамдарга таратып беришти.

Китеп КМДБ, ОшМУ, ОшМУнун теология факультети жана негизги демөөрчү катары  Түркиядагы Диянет фондунун колдоосу менен чыгарылган.