Ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөлөрү ажы башчылардын милдеттерин түшүндүрүп, тартип бузуулар аныкталса лицензиялары алынаарын эскертишти

Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев жана УРШ мүчөлөрү өлкө аймагындагы 109 ажы башчы менен жолугушуп, ажылыкты уюштурууда ажылардын коопсуздугу үчүн иштелип чыккан атайын программа менен тааныштырып, бул программаны ар бир ажынын уюлдук телефонуна жүктөп берүүнү милдеттендирди. Муну менен катар штаб башчысы Мекке жана Медина шаарларындагы мейманканаларга ажыларды жайгаштыруу тартиптерин, ажылар үчүн коюлган автобустарга Сауд  Арабиянын ажылык министрлиги бекиткен эреже боюнча отургузуу, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү тартиптери жана ал жактагы чатырларга карта боюнча жайгаштыруу, Жамаратка таш атууда (Шайтанга таш атуу) Сауд Арабиянын ажылык министрлиги тарабынан бекитилип берилген график менен чыгуу жана бул учурда ажыларга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү, ажылык учурунда курбандык чалуу маселелеринде ажылар менен бирге комиссия түзүп, союлуучу малды аныктоо менен тиешелүү документтерин толтуруу, мейманканалардагы санитардык маселелерин бекем сактап, тазалыкка көңүл буруу, медициналык пунктардагы тейлөөлөрдү тартиптештирүү жана дарыгерлердин иштөө графиктерин аныктоо, ажылардын жолдо жүрүү коопсуздугун бекем кароо жана сабактарды уюштуруу, ажылардын учактагы жүктөрүнүн салмактарын нормадан ашырбоо, тез жардам унааларын камсыздоо жана ар бир мейманканага Кыргызстандын желектери менен мейманкана номерлерин орнотуу маселелеринде ажы башчылар штабка жардам берүүсү керек экендигин баса белгиледи.

Ал эми УРШ мүчөлөрү ажылар Медина жана Мекке шаарларына уча баштагандан тарта ажы  башчылар ар бир топтогу ажылардын жүктөрүнүн жоголуп кетпөөсү үчүн өзгөчө көңүл буруп, ажылык учурундагы көчүү, конуу жайларында ажылардын коопсуздугун, саламаттыгын бекем карап, ооруп калгандар болсо тез жардам унааларын учурунда чакырууну эскертишти. Муну менен катар шатб мүчөлөрү Сауд Араб падышачылыгынын бирден бир милдеттемеси болгон санитардык жана коопсуздук эрежелерин бекем сакатап, эң башкысы ажылык сабактарын күн сайын уюштуруп турууну милдеттендиришти.

Жыйындын соңунда ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб кызматкерелри УРШ тарабынан бекилген тиешелүү документтерге жана Сауд Арабиянын ажылык министрлиги тарабынан берилген мыйзамдарга баш ийбөөчүлүктөр байкалса ажы башчылык лицензиясы дароо алына тургандыгын эскертишти.