Жарыя! И.Арабаев атындагы КМУнун теологиялык колледжи 2018-2019-жаңы окуу жылына карата мугалимдик орундарга конкурс жарыялайт

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин алдындагы теологиялык колледжи 2018-2019-жаңы окуу жылына карата төмөнкү предметтер боюнча мугалимдик орунга ачык конкурс жарыялайт.

Сабактардын аталыштары:

  1. Орус тили
  2. Орус адабияты
  3. Кыргыз тили
  4. Дүйнөлүк адабият
  5. Чет тили (Араб тили)
  6. Кыргызстан тарыхы
  7. Дүйнөлүк тарых
  8. Адам жана коом
  9. Математика
  10. Астрономия
  11. Физика
  12. Химия
  13. Биология
  14. География
  15. Баштапкы аскердик даярдык
  16. Дене тарбия
  17. Кесипке киришүү
  18. Теологиялык орто билим берүүдөгү инновациялык мамилелер
  19. Кесиптик чөйрөдөгү орус тили
  20. Кесиптик чөйрөдөгү түрк тили
  21. Кесиптик чөйрөдөгү англис тили
  22. Кесиптик чөйрөдөгү араб тили
  23. Кыргыз тили жана адабияты
  24. Чет тили (Англис тили)
  25. Манас таануу
  26. Философия
  27. Элдик каада-салттар жана үрп-адаттар
  28. Кесиптик математика жана Информатика
  29. Экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы
  30. Маалыматтык технологиянын негиздери
  31. Куран үйрөнүү
  32. Ибадат фикхы (ислам ритуалдарындагы нормалар)
  33. Хадис (Пайгамбардын санат сөздөрү)
  34. Диндер тарыхы
  35. Ишеним окуусуна (акыйдага) киришүү
  36. Куран тафсири
  37. Пайгамбардын өмүр таржымалы
  38. Ислам укугу
  39. Ислам этикасы
  40. Диний мектептер жана агымдар
  41. Риторика
  42. Диний психологияга киришүү
  43. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты
  44. Араб диалогу
  45. Ислам фикхы (Ислам юриспруденциясы)
  46. Ислам тарыхы
  47. Куран таануу
  48. Хадис таануу

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер 2018-жылдын 27-июлуна чейин (саат 12:00го чейин)   theo.coll.kg@gmail.com    электрондук дарегине:

  1. Конкурска катышуу үчүн арыз
  2. Өздүгүн тастыктаган документ
  3. Жогорку билимин тастыктаган документтин (диплом) көчүрмөсү (предметтерди окутуу ыйгарылган дипломдун профилине дал келиши абзел)
  4. Резюме (сүрөтү менен) жөнөтүүлөрү керек.

Сурап-билүү телефондору: 0702-553-300, 0773-404-098