Баткендин Сай айылындагы эски мечиттин ордуна заманбап жаңы мечит ишке берилди

Баткен районуна караштуу Сай айылындагы  эскилиги жеткен мечиттин ордуна заманбап 200 орунду мечит курулуп, эл кызматына берилди. Иш чарага Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров,  жергликтүү жашоочулар жана коноктор катышты. Саамалык алкагында жергиликтүү тургундар мечитти курууга демөөрчү болгон “Ас Салам” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиришип, мечит айыл элинин ыйманын, адебин жана маданиятын жогорулатууда өзүнүн салымын кошооруна тилектештигин билдиришти.