Сүлүктүүдөгү балдар интернатында тарбияланган 24 өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү

Сүлүктү шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Азизбеков Талантбек Кожомбердиевичтин демилгеси менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы балдар интернатына кайрымдуулук иш чарасы уюштурулуп, балдардын жүзүнө кубаныч тартууланды. Иш чара “Белес” эс алуу лагеринде уюштурулуп, интернатта тарбияланып жаткан 24 балага   түрдү оюнчуктар, суусундук жана жемиштер тапшырылды.

Кайрымдуулук саамалыгы балдарга кубаныч тартуулоо, Жараткандын ыраазычылыгын табуу жана алардын абалынан кабар алуу максатында уюштурулган.