Ош облустук казыяты тарабынан 85 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды

Бүгүн, Ош шаарындагы З.Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрында облус аймагындагы турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө садака-фитирдин эсебинен азык-түлүк жардамдар тапшырылды. Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун жетекчиси Абдыжапар Аккулов, “Кайтпас-Эл” коомдук бирикмесинин төрагасы Турдали Келдибеков жана казыят кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев “Кайрымдуулук жана берешендик” темасында баяндама жасап, Рамазан айы ичинде колунда бар жарандардын жасаган кайрымдуулук иштерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле облус аймагынан жардам алуу үчүн келген мусулман бир туугандарды ар бир оор иште сабырдуу болуп, Алла Тааладан  үмүт үзбөй алдыга умтулууга чакырды. Андан соң облус аймагынан чакырылган турмуш-шарты оор 85 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды.

Жалпысы ар бир жаранга 10 килограммдан ун, күрүч, кесме, чай, туз, кумшекер, май, самын, ширенке жана башка керектүү каражаттар тапшырылды. Мындай саамалыкка кубанган 101 жаштагы Кара-Суу районунан келген эне бардык кайрымдуу инсандарга жана иш-чараны уюштурган облустук казыятка ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.

Эскерте кетсек, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү аныктоо жана топтоо иштери «Кайтпас-Эл» коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн.