Аймактарды өнүктүрүү жылына карата имамдар үчүн экинчи ирээт «Жума хутбалары» китеби жарык көрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  аймактарды өнүктүрүү жылына карата имамдар үчүн экинчи ирээт «Жума хутбалары» китебин басып чыгарды. Китеп имамдардын билим сапатын жогорулатуу жана хутба айтуу чеберчилигин өркүндөтүү максатында даярдалды.

«Жума хутбалары» китебинде:

Имам Азам абу Ханифа

Намаз

Орозо

Зекеттин фазилеттери

Ажылык

Ислам тынчтыктын дини

ИГИЛ-бул Ислам эмес

Жихат жана анын Исламдагы түшүнүгү

Ислам дини зордук-зомбулукка каршы

Мусулмандын сыпаты

Билим алуу

Мекенди сүйүү

Үй-бүлөнү чыңдоо

Эл ортосундагы ынтымак

Маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери

Айт намаздар сыяктуу бир катар пайдалуу маалыматтар, суроолорго жооптор камтылган.

Китеп жума күндөрү мечитке жума намазына чогулган мусулман бир туугандарыбызга имамдарыбыз тарабынан жана жалпы эле китеп окурмандарына Ислам дининин акыйдасынан, шариятынан, мазхабыбыздан, жалпылап айтканда динибизден туура түшүнүк алып, алардын диний экстремистик, такфиристтик, радикалдык идеяларга берилип кетүүлөрүнүн алдын алып, биздин динибиз бейпилчилик, берекенин, ынтымактын, кайрымдуулуктун, эки дүйнөнүн бактылуулугун камсыз кылган дин экендигин түшүндүрүү максатында жазылды,-деди Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

«Жума хутбалары» китеби имамдарга колдонмо курал катары таратылып берилмекчи жана ар бир имамдын жума хутбасына даярдануусуна чоң өбөлгө болмокчу. Учурда «Жума хутбалары» китеби 3000 нускада басылып, Итар кайрымдуулук фондунун каржылоосунда ишке ашырылды.