Талас облусунун казысы коомчулук менен иштөөнү жакшыртуу максатында имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Талас облустук казыяты кварталдык жыйынды бул жолу Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында өткөрүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, райондун баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев жана жалпы имамдар катышты. Жыйын алкагында облус казысы имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарууну милдеттендирди. Муну менен катар облус казысы коомчулук менен тыгыз иштешип, жаназа, нике, терс диний агымдар, ысырапкерчилик, балдардын тарбиясын жакшыртуу темалары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле облус казысы тапшырмалардын өз учурунда аткарылбай калуусу имамдын өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу экендигин айтып, мындайлар кайталана бере турган болсо алардын жоопкерчилиги эскертүүсүз карала тургандыгын эскертти.