Ибраев Мамбетасан — Нарын облусунун казысы

Ибраев Мамбетасан — 1971-жылы 14-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. 1979-жылы Жаңы-Күч орто мектебинин босогосун аттап, 1988-1989-окуу жылында ушул мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1992-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеп, 1992-жылы Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармамсы тарабынан Египеттеги Аль-Азхар университетине окууга жөнөтүлөт. Адегенде 2 жыл даярдоо курсунда окуп, андан соң атайын орто окуу жайында билимин улантат. 1996-жылдан баштап институтка кирип, аны аяктагандан кийин Аль-Азхар университетинин педагогика факультетине тапшырып, 2 жыл окуйт. Египетте билим алуу учурунда 11 айлык тил курсунда окуган. Кыргызстандан билим алуу үчүн келген балдар-кыздарга курстарды уюштуруп, араб тили, Куран, тафсир, хадис жана башка сабактарды жүргүзгөн. Ошону менен бирге “Апама”, “Мусулмандарга”, “Каирден сага салам Кыргызстаным”, “Кыздарга” сыяктуу бир катар ырларын жазган.

2002-жылы Кыргызстанга келип, өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жумушка орношот. Ушул эле жылдын 22-августунда Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасынын мечит жана окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, аны менен катар Ислам институтунун студенттерине фыкх илими боюнча сабак бере баштайт.

2003-жылы өткөрүлгөн Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайында Уламалар Кеңешинин мүчөсү болуп шайланат. 2002-2005-жылдар аралыгында “Балдар үчүн ыйман сабагы”, “Ислам жөнүндө түшүнүк”, “Пайгамбарлар”, “Мухаммад пайгамбардын өмүр баяны”, «Зарыл суроо-жооптор» сыяктуу Ислам динине байланышкан илимий китептерди жазган. 2005-жылдан 2011-жылга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары кызматында иштеп, динибизге, элибизге өзүнүн ак кызматын аткарып келген.

2011-жылдын сентябрь айында Нарын облусунун казысы болуп дайындалып, азыркы учурда облустун казысы кызматында үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

2017-жылы февраль айында Нарын шаардык кеңешинин №5/3 токтому менен Нарын шаарынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөөлү 2 уул, 2 кыздын атасы.