Таалайбек ажы Бапиев — Талас облусунун казысы

Таалайбек ажы Бапиевдин өмүр баяны

Таалайбек ажы Бапиев 1966-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кичине кезинде чоң атасы молдо Бапынын колунда тарбияланып, жети жашынан намаз окуп баштаган. Чоң атасы дүйнөдөн өткөндөн соң айылдык Абдылда деген молдодо бир аз окуган.  Андан соң 80 – жылдары азыркы Тараз шаарындагы Зуннун кожо аттуу аалымдан  диний билимин уланткан.  Диний билимди ал 4 жыл бою аалымдын үйүндө өз баласындай жатып окуп  үйрөнгөн. Зуннун кожо 1984- жылы дүйнөдөн өткөндөн  кийин айылга кайтып келип, Сагынаалы аттуу облустагы  аалымдын колунда мухтасардан сабак алууну уланткан.  Бираз убакыт өткөндөн кийин Кызыл Ордодо, андан соң Чымкентте аскердик кызматын өтөгөн. Ошол жерде да Зайниддин аттуу карыдан  убакыт бөлүп, диний  сабак алып турган. Аскерде жүргөн мезгилинде да  ошол аймактагы өзбек, казак жана уйгур улутундагы  белгилүү бир нече аалымдарга жолугууга мүмкүнчүлүк алган. Андан соң Пахтакор деген жерде Алихан төрөнүн шакирти Убайдулла аалымдын колунда сарф илимининен сабак алган. Кийинчерээк Таласка келип Сагынаалы аалымдын колунда сабак алууну улантты. Аны менен биргеликте ошол мезгилде Таласта жашап турган Кыргызстанда белгилүү аалым Надыр молдонун алдында сарф жана Нахву илимдеринен сабак алган. Андан соң 1986-жылдан тартып  Өзгөрүш айылына имам болуп дайындалган. Кийин  Бакай-Ата районуна баш имам болуп иштеген. Андан соң Талас облусу боюнча баш имам хатиб Добул  молдого жардамчы болуп иштеди. Добул молдодон кийин Сатылган ажы 1997- жылдан тартып тогуз жыл  казы болуп  иштеп турганда ага орун басар болуп иштеди. 2006-жылы Талас облусуна казы болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин талыкпай эмгектенип келе жатат. 2016-жылы Талас шаарындагы Арабаев мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

4 кыз, 2 уулдун атасы.

Таалайбек ажы диний кызматынан тышкары ата-бабасынан калган саяпкерлик өнөрүнө кызыгып, спорт менен машыгат. Өз  учурунда күрөш боюнча алдыңкы орунду ээлеп келген. Ошондой эле Кыргыздын санжырасын жана тарыхын изилдеп, бул жаатта ал эл ичинде  көп маалыматтуу инсандардын катарына кирет.