Пайгамбарыбыздын (САВ) кулк-мүнөзү

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзү эң жогорку чекке жеткендиктен, анын баарын сыпаттап айтуу мүмкүн эмес. Анын мүнөзүн көрүп жүрөктөр жибиген. Дүйнө ал сыяктуу адамды көргөн эмес.  Аны  менен чогуу жашагандар ал үчүн жанын берүүгө даяр болчудай жакшы көрүшкөн. Анткени, анын башка эч бир адам баласына берилбеген кулк-мүнөзү адамдарды өзүнө багынтып алган болчу. Ал эми сенин колуңа, анын кээ бир табылгыс кулк-мүнөздөрүн сыпаттаган кыскача кабарларды сунуш кылдык.

قال الله تعالى: {فَبِمَا رَحْمَةٍ مِّنَ اللّهِ لِنْتَ لَهُمْ وَلَوْ كُنتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لاَنفَضُّواْ مِنْ حَوْلِكَ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الأَمْرِ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللّهِ إِنَّ اللّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ} آل عمران: 159

Аллах Таала айткан: «Аллахтын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан чачырап кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн кечирим сура. Бирок, иш тууралуу алар менен кеңеш. Эгер чечим кабыл алсаң, анда Аллахка тобокел кыл. Аллах — тобокел кылуучуларды жакшы көрөт». (Аалу Имран, 159-аят).

وقال تعالى: {ن والقَلَمِ وَما يَسْطُرُون * ما أَنْتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُون * وَإِنَّ لَكَ لأَجْراً غَيْرَ مَمْنُون * وَإِنَّكَ لَعلى خُلُقٍ عَظِيم} القلم:1 — 4

Аллах Таала айткан: «Нуун. Калемге жана анын жазгандарына касам. Сен жинди эмессиң, Сага Аллахтын нематы (пайгамбарчылыгы) берилди. Чындыгында, сага түгөнбөгөн сыйлык бар. Сен — улуу кулк-мүнөз ээсисиң». (Калам, 1-4-аяттар).

وقال تعالى: «لَقَدْ جَاءكُمْ رَسُولٌ مِّنْ أَنفُسِكُمْ عَزِيزٌ عَلَيْهِ مَا عَنِتُّمْ حَرِيصٌ عَلَيْكُم بِالْمُؤْمِنِين رَؤُوفٌ رَّحِيمٌ»

(التوبة: 128 )

Аллах Таала айткан: «Чындыгында, силерге өз араңардан ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор болсо да, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер». (Тооба, 128-аят).

وقال تعالى: {وما أرسلناك إلا رحمة للعالمين} الأنبياء: 107

Аллах Таала айткан: «Биз сени бүткүл ааламга мээрим кылуу үчүн жөнөттүк». (Анбия, 107-аят).

وعن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قيل يا رسول الله أدع على المشركين، قال: «إني لم أُبعث لعانًا، وإنما بعثت رحمة». رواه مسلم

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мушриктерге каршы дуба кылбайсыңбы деп суранышканда, ал: «Мен каргыш айтуу үчүн эмес, ырайым кылуу үчүн жөнөтүлгөнмүн» — деп айткан. (Муслим).

وعن عطاء بن يسار قال: لقيت عبد الله بن عمرو بن العاص رضي الله عنه فقلت: أخبرني عن صفة رسول الله صلى الله عليه وسلم في التوراة، فقال: (أجل، والله إنه لموصوف في التوراة ببعض صفته في القرآن: {يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا} وحرزًا للأميين، أنت عبدي ورسولي، سميتك المتوكل، ليس بفظ ولا غليظ، ولا صخاب في الأسواق، ولا يدفع السيئة بالسيئة، ولكن يعفو ويصفح، ولن يقبضه الله حتى يُقيم به الملة والعوجاء، بأن يقولوا: لا إله إلا الله، ويفتح به أعينًا عُميًا، وآذانًا صُمًّا، وقلوبًا غُلفًا). رواه البخاري

Ъато бин Ясир (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) риваят кылган хадисте ал айтат: «Мен Абдуллах бин Амр бин Ааска жолугуп калдым. Андан: «Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Тоораттагы сыпаттарынан айтып берчи — деп сурандым. Ал айтты: «Макул. Чындыгында, ал Куранда сыпатталган сыпаттар менен Тооратта да сыпатталган. (Мисалы, Куранда): «Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, жакшы кабар менен сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк» — деп айтылган. (Ал эми Тооратта): Сабатсыз-карапайымдарга калкан, сен Менин кулум жана элчимсиң, сени тобокел кылуучу деп атадым, орой жана катуу эмес, базарларда кыйкыруучу эмес, жамандыкка жамандык менен жооп бербейт, тескерисинче жумшак жана кечиримдүү. Ал адамдарды «Лаа илааха ил-лаллооху» деп айттырып, кыйшыктарды оңдоп түздөмөйүнчө Аллах анын жанын албайт. Алла Таала ал аркылуу сокур көздөрдү ачып, дүлөй кулактарды угузуп, катыган жүрөктөрдү жибитет» — деп айтылган.  (Бухарий).

وعن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: كان رسول الله صلى الله عليه وسلم، من أحسن الناس خلقًا، فأرسلني يومًا لحاجة، فقلت: والله! لا أذهب وفي نفسي، أن أذهب لما أمرني به. قال: فخرجت حتى مر على صبيان وهم يلعبون في السوق فإذا رسول الله صلى الله عليه وسلم قابض بقفاي من ورائي فنظرت إليه وهو يضحك فقال: يا أنيس اذهب حيث أمرتك. قلت: نعم! أنا أذهب يا رسول الله. صحيح الترمذي

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдардын арасынан кулк-мүнөзү эң жакшысы эле. Бир жолу ал мени кандайдыр бир жумушка жөнөтүп калды. Мен: «Бара албаймын дедим. Бирок ичимде өзүмө-өзүм барам деп анан чыгып жөнөдүм. Базардын жанында ойноп жүргөн балдардын арасында ойноп жүргөн кезимде, кимдир бирөө артымдан келип, желкемден карамады. Карасам Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) күлүп туруптур. Ал: «Унайс, (Анас деген аттын эркелетип, кыскартылган түрү) мен жөнөткөн тарапка баргының?» — деди, күлүп. Мен: «Ооба, оо, Аллахтын элчиси. Ошого бара жатам» — дедим. (Тирмизий).

ويقول أنس: «والله لقد خدمته تسع سنين ما علمته قال لشيء صنعته: لم فعلت كذا وكذا، أو لشيء تركته: هلا فعلت كذا وكذا» رواه مسلم وفي رواية لأحمد: «ما قال لي فيها أف»

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Мен Пайгамбарыбыздын жанында тогуз жыл кызмат кылдым. Ал мага бир жолу да «Эмне үчүн бул ишти мындай кылдың, же эмне үчүн тиги ишти мындай кылбадың?» — деп айткан эмес. (Муслим).

وعن أبي أُمَامَة الباهِليِّ رضي اللَّه عنه قال: قال رسول اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم: «أَنا زَعِيمٌ ببَيتٍ في ربَضِ الجنَّةِ لِمَنْ تَرَكَ المِراءَ وَإِنْ كَانَ مُحِقّاً، وَببيتٍ في وَسَطِ الجنَّةِ لِمَنْ تَرَكَ الكَذِبَ وإِن كَانَ مازِحًا، وَببيتٍ في أعلى الجَنَّةِ لِمَن حَسُنَ خُلُقُهُ» حديث صحيح، رواه أبو داود بإسناد صحيح

Абу Умама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Чындык өзү тарапта болсо да талашуудан сактанган адамга — Бейиштин четиндеги үйгө кепилдик берем. Тамашалап болсо да жалган сүйлөбөгөн адамга — Бейиштин ортосундагы үйгө кепилдик берем. Ал эми мүнөзү жакшы адамга — Бейиштин төрүндөгү үйгө кепилдик берем» — деп айткан. (Абу Дауд).

وكان النبي صلى الله عليه وسلم يقول: «اللهم اهدني لأحسن الأخلاق، لا يهدي لأحسنها إلا أنت، واصرف عني سيئها، لا يصرف عني سيئها إلا أنت، لبيك وسعديك، والخير كله في يديك، والشر ليس إليك، أنا بك وإليك، تباركت وتعاليت» رواه مسلم

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аллахым, мени кулк-мүнөздүн жакшылыгына баштагын, Анын жакшысына сен гана баштай аласың. Анын жаманынан алыс кыл. Анын жаманынан сен гана алыс кыла аласың. Сенин кызматыңа даярмын. Жакшылыктын баары сенин колуңда. Жамандык сага эмес. Мен сени мененмин жана сага барам. Сен Берекелүү жана Бийиксиң» — деген.