Зекет, үшүр жана садака-фитирдин өлчөмдөрү

2018-жылдагы садака-фитирдин өлчөмү

Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис сапам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалагы, Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:

Буудай              Мейиз                Ун               Арпа            Курма

Орточо баа                                  18,75 сом            240 сом            22 сом         15 сом           120 сом

Өлчөм                                           1,600                 1,600                1,600            3,200             3,200

Жалпы

(Садака-фитирдин баасы)         30 сом               384 сом             35 сом            48 сом           480 сом

 

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Садака-фитр жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

 


 

Исламдагы беш парздын бири болгон Зекеттин тартиптери жана өлчөмү

Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) өзүнүн хадистеринде  колунда бар киши мусулмандарга зекет берүүсүн буйруган.

Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

  1. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү башкача айтканда 2.5% берилет.
  2. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда  612,36 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы  1500 сом. Ал эми 1 грамм уюутулган күмүштүн баасы  36 сом.

Жыйынтыгында:

Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (орто эсеп менен)  1500 сомдон эсептегенде  127 500  сом болуп, анын кырктан бири  3187 сом.

Күмүш баасында эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен)  36 сомдон эсептегенде 22 044 сом болуп, анын кырктан бири  551 сом.

Жогоруда аталаган зекет төрт нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).

Мал жандыктарынын  зекети төмөдөгүчө берилет:

  1. Уйдун зекети.  Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (оттуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир жаштан ашкан  кунаажын зекет катары берилет.
  2. Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин  майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир кой же бир эчки зекет катары берилет.
  3. Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет.
  4. Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган үйүр жылкыларынан зекет берилет. Ар бир жылкыга  бир динар (4.25 грамм алтын же 6375 сом) берилет, же жылкынын баасынын кырктан бири зекетке берилет.

Бул  мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн  башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Эскертүү: Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.

Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечера муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абзел.

 


 

Үшүрдүн тартиптери жана өлчөмү

Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллаанын салават саламдары болсун) өзүнүн хадистеринде, жерден алынган байлыктардын үшүрүн чыгарууну буйруган.

  1. Үшүр (же анын жарымы), жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.
  2. Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аздыр-көптүр алынган түшүмдөн берилет.Ошондой эле аталгандардын узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.
  3. Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.
  4. Түшүм берчү жер кайрак болсо, же суугарма болуп дарыя-каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда, түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктар көмөгү менен суу тартылып келинген убакта, же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.
  5. Жерден алынган түшүмдүн жалпы көлөмүн жерге кеткен чыгымдар чыгарылбастан туруп үшүр (же анын жарымы) берилет.
  6. Балдан  үшүр ондон бири (10/1) берилет.

Эскертүү: Үшүр маселесине тиешелүү суроо-талаптар болсо Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына кайрылып кененирээк жоопторду алсаңыздар болот.