Ата-эне

Ата-эне деген ким? Бул суроону тактап алуудан максат кээ бир жаштар балалуу болуп, бирок баласына жарытаарлык тарбия бербестен кала берсе кээ бир адамдар баласын көчөгө же таштандыга таштап кетүүдө.

Ал эми чыныгы ата-эне Аллах берген белекти, аманатты жакшылап Ислам тарбиясы менен тарбиялап эрезеге жеткизген инсандар.

Ислам дининде тагыраак айтканда Ыйык Куранда Аллах Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Бир да жерде балдарыңарга жакшылык кылгыла деп айтпаптыр. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылат. Бүтүндөй өмүрүн балдары үчүн арнап өтүшөт.

Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Аллах Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон. Урматтап сыйлоого өзгөчө эненин акысы чоң.

Пайгамбарыбызга бир сахаба келип: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?»–деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  ага: «Энеңе» -деген. «Андан кийинчи?» Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» –дегенде. Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деп үч жолу кайталап, төртүнчүсүндө гана «Анан атаңа» – деп жооп берген. Бул жерде аталардын укугун тепсөө эмес. Энелердин баркын көтөрүү, алардын кызматын баалай билүү.

Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал».

Дагы бир хадисте: «Бейиш энелердин таман астында» деп айтылат.   Ушул сыяктуу аят жана хадистер энени карабай коюу, кандай чоң күнөө жана өтө жаман ыплас адамгерчиликке жатпаган иштерден экендигин көргөзүп турат. Эне байкуш баланы төрөөдөн мурда канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Тогуз ай бою аны моюнда көтөрүү албетте бул оңой иш эмес. Эненин боюна бүтөөрү менен анын денесинде, бүт органдарында өзгөрүүлөр башталат. Баардык мүчөлөрү бир сыйра өзүнүн өзөгүнөн чыгып, кайра бир жарым, эки жылда араң калыбына келе баштайт. Кээде ошол баланы төрөш үчүн чоң операцияга кабылып, атүгүл өлүмгө да дуушар болот.Төрөгөндөн кийин да өзүнүн кызыкчылыктарын экономикалык, илимий максаттарын экинчи орунга жылдырып, бүт болгон мээримин, күчүн баласына жумшап, улгайып өмүрү өткөнчө «балам, балам» дегени деген. Кыргыз элибизде бекеринен айтылбаса керек: «Эненин көңүлү балада деп……» Канчалаган уйкусуз түндөрдү өткөзүп, бапестеп өстүрүп, чоң үмүттөрдү койгон ата-эне картайганда, баласы өзүнөн өзү чоңоюп, илимдүү, билимдүү болуп калгансып, аларды карабай таштап кеткен баланын баасы канча? Анын ыйманы, акылы кайда?

Ата-эне баласы үчүн өзүн отко да таштайт. Мындай табият бир гана адам баласында эмес жан-жаныбарда кездешет.

Болгон окуя: 

Бир аксакалдын чоң эле баласы короодо жумуш кылып жаткан. Башында баш кийими жок болчу. Атасы: «Балам! Башыңа бир нерсе кийип алсаң боло ысык өтөт дейт……..

Кыргызда: «Балам балалуу болгондо билесиң дейт».

Ата-энени урматтагының өзүңдү урматтаганың. Анткени кыргызда жакшы бир макал бар: «Келме кезек….» Эртең эле сенда ата-эне болосуң. Албетте, кимдер ата-энесине жаштыгында кандай мамиле жасаса, карыганда ошондой мамилени өз балдарынан көрүшөт. Араб элинде жакшы бир макал бар: «Ким кызмат кылса, кызмат көрөт».

Болуп өткөн окуялардан бизге сабак болуусу үчүн

-Бир жигит өзүнүн аялын аябай жакшы көрчү экен, дайым бир нерсе сатып келсе, аны келинчегине берип, эскисин ата-энесине берчү. Бир күнү аялы ага: «Мага талак бер» – дейт. Күйөөсү ага таң калып: «Эмнеге, мен сени ушундай жакшы көрүп, сага эң жакшы нерселерди алып келип берсем, урматтасам, эмне үчүн мени чанып отурасың? – дейт. Анда келинчеги: «Мен сенден балалуу болууну каалабаймын, себеби сенин балдарың да биз картайганда бизди сен ата-энеңди урматтабагандай бизди да урматтабайт» – деген экен.

-Аялынын сөзүнөн чыга албаган бир жигит: «Энең эртели-кеч тамак жей берет, эч тойбойт, жогот муну бул жерден»,– деген аялынын сөзүнө кирип, картайып калган энесин алыс бир тоого алпарып таштайт. Кетээринде энесинин бир нерсе чайнап жатканын көрүп, баягы аялынын айткан сөздөрүн эстейт да, чын эле энем тойбойт экен деп ойлойт. Ачуусу келип: «Ой эне эмнени эле чайнап жатасың эч тынбастан? – дейт. Энеси: «Кечирип кой балам, бир жумадан бери оозума эч нерсе алганым жок, азыр болсо тилимди сооруп отурам» – дейт. Ошондо гана ал жигит энесин такыр карабай, аялын эле угуп жүрө бергенине катуу уялып, өкүнүп, тооба кылат жана энесин үйүнө алып келип кызматында болуп анын ак батасын алат.

-Дагы бир эрки жок киши аялы кулагын жей бергендиктен картайып калган атасын капка салып, алыскы тоого алып жөнөйт. Тоого жеткенден кийин: «Кечирип кой ата, жагдай ушундай болуп калды, сизди үйдөгүлөр жактырбай жатышат, мен болсо балдарымды кантип таштайм», – дейт. Атасы баласынын абалын түшүнүп: «Эч нерсе эмес балам, бара кой, бирок бул капты ала кет» – дейт. Баласы таңкала: «Мага мунун эмне кереги бар? – дегенде, атасы: «Ээ уулум, сен картайып, балдарыңа керегиң жок болуп калганыңда бул кап кереги тийип калаар» – дейт. Мына ошондо гана ал өз катасын түшүнүп, тооба кылган экен.

Мына ушундай окуяларга биз да күбө болуп жатабыз. Канчалаган жаштар ата-энелери картайып калган кезде каарылар үйүнө тапшырып коюда. Аларга орой, адилетсиз мамиле жасап, ач калтырып, же алар каарып колунан эч нерсе келбей калган кезде карабай таштап кетүүдө. Ал тарбияны көргөн балдар мээримсиз, таш боор болуп өсүшөт. Аларда картайганда ата-энесине дал ушундай мамилени көрсөтүшөт.  Кээ бир адамдар бар ата-энени багуудан ит багууну артык көрүшөт. Ата-энесиден аяган мээримин, акчасын итке жумшап, аларды убагы менен сейилдөөгө алып чыгып, шампунь менен жууп, кошо жатып кошо турушат. Бул көрүнүш кантип адамгерчилике жатсын, андай адам кантип адам деген атка татыктуу болсун. Эне сүтүн актабаган, анын мээнетин кайтарбаган адам, кантип бирөөлөрдүн сыйына, урматына татыктуу болсун. Албетте андай адамдар колунда байлыгы, бийлиги, күчү барында сыйлуу болот да алар кеткенде итчелик баага татыктуу болуп калат.

Ата-энелерге өзгөчө алар каарып калган кезинде кызматын кылып, ак батасын алуу керек. Ал эми ата-эненин тилин албоо жана аларга үнүн көтөрүп кыйкырып, же аларды кекетүү чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.

«Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” — дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө! “Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин.

Ата-энеге туура мамиле кылуу адептери:

  1. Аларга эч качан каяша айтпоо, ал эмес «уф» деп үшкүрүнүп да наразы болбоо, тескерисинче, алардын буйруктарын аткарууга ар дайым даяр болуп, аларга мээрим төгүп, жумшак, ырайымдуу мамиле кылып, өзүн алардан төмөн сезүү керек.
  2. Сөзүңдө, ишиңде бир нерсени алганда же бергенде ата-энеге артыкчылык берүү жана аларды өзүңдөн, аялыңдан жана балдарыңдан артыгыраак көрүү менен талабын, муктаждыгын эң биринчилерден аткаруу зарыл. Кудайга күнөө болбогон иштердин барында алардын ыразылыгын алууга аракет кылуу.
  3. Ата-энең эгерде капыр болушса да аларга жакшы мамиле кылуу керек.
  4. Аларга кыпындай да оройлук кылбай, өзгөчө алар каарыганда аларга эң жумшак, назик мамиле жасоо, аларды кубандырууга аракет кылуу.
  5. Алар муктаж, зарыл болгон нерселерин алып берүү, каржылоо керек. Аллах Таала айтат:«Сенден эмнебизден нафака берели деп сурашат, айткын – кандай жакшылык жасай турган болсоңор, ата-энеңерге, жакындарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуларга бергиле, эмне берген болсоңор, Аллах ал жөнүндө билүүчү» – деген.
  6. Сапарга чыгуудан мурда алардан уруксат суроо жана ажылыкка, же Аллах жолунда күрөшкө бара турган болсо да алар менен макулдашуу керек.
  7. Жакшылыкты жогоруда хадисте айтылгандай атага караганда энеге көбүрөөк көргөзүү зарыл.
  8. Алар бул дүйнөдөн өткөндөн кийин аларга дуба кылып, осуяттарын аткаруу жана ата-энесинин досторуна жакшылыктарды жасап жүрүү эң жакшы иштерден болот.

Х: «Адам баласы өлгөндөн кийин 3амалынан башка баардык амалы токтойт …….»

  1. Ата-энеге катуу кыйкырып сүйлөбөө, алардан алдың баспоо, алардан алдың олтурбоо жана эрте менен кечкисин алардын колун өөп учурашуу, алардан көп-көп бата алуу зарыл!

Пайгамбар (с.а.в.) дын доорунда Алкама деген сахаба күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнүп өлүм төшөгүндө жатат. Бирок келме айтууга тили келбей жатты. Бул кабар Пайгамбар (с.а.в.) га жетти. Анда Пайгамбар (с.а.в.) сахабаларга кайрылып барып кабар алгылачы анын ата-энеси бар бекен дейт. Бир аздан кийин сахабалар Алкаманын бир каарып калган энеси бар экенин айтып келишет. Аллахтын элчиси ал кемпирге жолугуп «Эмне балаңыздан капачылыгыңыз бар беле?» Анда ал кемпир: «Ооба уулум үйлөнгөндөн кийин аялын менден жогору койуп, ага көп көңүл бөлүп мага болгон мамилеси солгундап кеткен, Мына ошондуктан менин көңүлүмдө бир аз капачылык пайда болгон» деп чындыкты айтып берди. Бул сөздөрдү уккан Аллахтын элчиси: сахабаларга кайрылып «Отун жыйнагыла мындай ата-энесин капа кылгандарды өрттөп салуу керек» – дейт. Пайгамбардын ачуусун көргөн, анын сөзүн уккан байкуш кемпир: «Жок, жок андай кылбагыла мен баламдан ыраазымын, аялын менден жакшы көрсө да ыраазымын» – деп ыйлап жиберет. Ал учурда Пайгамбар сахабаларга: «Барып Алкамадан кабар алгылачы» дейт. Бир аздан кийин сахабалар келишип Алкама р.а. келме айтып жан бергендиги тууралуу кабар беришти.

-Бир жигит апасы ооруп жатканына да карабастан ажылыка аттанат бирок энеси ага наразы бойдон калат. Ал узун-узун жол жүрүп, бийик-бийик тоо ашып жолдо бир мечитке кирип намаз окуп алайын деп ал мечитте бир аз ибадат кылып калат. Ошол учурда бир ууру уурулук кылып качып келе жатып мечитке кирип башка эшигинен акырын качып чыгып кетет. Куугунчулар мечитке кирип, жанагы ибадат кылып жаткан жигитти кармап алышат. Алып барып, уурулукту кылып алып кара калп эле ибадат кылып жатканын деп анын канчалык актанганына карабастан эки көзүн оюп салышат.

Урматтуу мусулман бир тууган ! Ата-эне ыраазы Аллах ыраазы» «Аллахтын ыразылыгы ата-эненин ыразылыгында»

Пайгамбар (с.а.в.) өзүнүн бир осуятында:

» مَنْ يُؤمِنُ بِاللهِ وَ الْيَوْمِ الآخِرِ فَلْيُكرِمْ  ضَيْفَهُ»

«Кимде ким Аллага жана Акырет күнүнө ишенген болсо анда коногун сыйласын!» – деген.

Андыктан алардын алкыш батасын алып, кызматын кылып, келечекте түбөлүктүү бейишке  кирүүчүлөрдөн бололу.