Ош облустук казыятынын демилгеси менен Алайдагы 100 үй-бүлөгө таза суу чыгырылып берилди

Ош облустук казыятынын демилгеси менен Алайдагы 100 үй-бүлөгө таза суу чыгырылып берилди
Ош облустук казыятынын демилгеси менен Алайдагы 100 үй-бүлөгө таза суу чыгырылып берилди

Muftiyat.kg/28.06.2018/ Кечээ, 27-июнда Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү Таш-Кыя жана Кутчу участкаларында жашаган 100 үй-бүлөгө таза суу чыгарылып берилди. Аталган иш-чаранын ачылышына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Алай районунун акими Илияз Ташкулов,  Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Аскербек уулу, Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров жана жергиликтүү тургундар катышышты. Коноктор жергиликтүү тургундарды жакшы саамалык менен куттукташып, калоо-тилектерин айтышты.

Быйылкы 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жыл башынан бери Корул айыл өкмөтүнүн эки айылына таза суу чыгарып бергенбиз. Бул ирет да Таш-Кыя жана Кутчу участкаларында жашаган элдин кайрылуусун эске алып, демөөрчүлөрдү табуу жолу менен 5000 метр аралыкка суу түтүкчөлөрүн сатып алып бердик. Жергиликтүү элдер түтүктөрдү орнотуу иштерине толугу менен жардам беришип, 20 күн аралыгында таза суу түтүгү тартылып, ар бир үйдүн алдына суу крандары орнотулду”, –деди Акжол кары Бакиров.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыятынын, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакировдун жана дин аалымы Абдырахман кары Атабаевдин демилгеси менен жыл башынан бери Алай районунда 4 айылга таза суу чыгарылып берилди.

Опубликовано Ош Облусунун Мусулмандар Казыяты Четверг, 28 июня 2018 г.