ДИМК дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өткөрдү

Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол
Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Бүгүн, 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго ДИМКтин директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, укук коргоо өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз серепчилер катышты.

Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат.
Мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жөнгө салуу боюнча диний чөйрөдөгү туруксуздаштырууга алып келген тообокелдиктерди, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды четтетүү, Конституциянын принциптерине ылайык мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу, укуктарды так аныктоо, диний уюмдардын жана мамлекеттик органдардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жол-жоболук маселелерди иреттөө жана оптималдаштыруу, диний жааттагы маселелерде боштуктарды жана кемчиликтерди жоюу, мыйзамдын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча сунуштар долбоорго киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор аркылуу жоюуга багытталган.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү 2014-жылдын 3-февралындагы №1 чечимин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24, 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ №203 Жарлыгы менен бекитилген долбоорлор иштелип чыккан.

Опубликовано Госкомиссией По Делам Религий Cреда, 27 июня 2018 г.