Азирети Муфтий Эл аралык IHAF адал аккредитациялык Форумунун генералык секретары менен жолугушуп, адал индустриясын өнүктүрүү жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 21-июнь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмираттарындагы Эл аралык IHAF  адал аккредитациялык Форумунун генералык секретары Мохамед Бадри менен жолугушуп, Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында БАЭнын Эл аралык IHAF  адал аккредитациялык Форумунун генералык секретары Мохамед Бадри Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүү максатында Казаксатан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин адал аккредитациядан өткөрүү борборлорунан келишкен адистерге атайын семинар өткөрүлүп жаткандыгын айтып, бул өз кезегинде өзүнүн жемишин бере тургандыгын баса белгиледи.

Муну менен катар сүйлөшүүлөрдүн алкагында Мохамед Бадри Кыргызстанда адал тармагын өндүрүү потенциялы чоң экендигин  айтып, Кыргызстанда эт азыктары, адал туризм, табигый азыктарды өдүрүү өзүнүн жакшы жемишин берээрин билдирди. Ошондой эле ал адалдаштыруу тармагында иш алып барууда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын орду чоң экендигине токтолуп, ар бир жаңы продукция чыккан мезгилде  анын  шариятка туура келээрин түшүндүрүп бере тургандыгы маанилүү экендигин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мохамед Бадри Кыргызстанда адал туризм тармагын өнүктүрүү потенциялы бар экендигин айтып, бул жаатта иш алып баруу керектигине токтолуп, КРдин Өкмөтү менен адал тармагын өнүктүрүүдө иш алып баруу жакшы жетишкендиктерден экендигин, ал өз учурунда  өлкөнүн экономикалык жактан өсүүсүнө өз салымын кошо тургундагын билдирди.

«Учурда IHAF Эл аралык адал аккредитациялык уюмуна Кыргызстан мүчө болгону турат. Бул уюмга азыркы мезгилде Пакистан, Индия, Бразилия, Америка, Жаңы Зеландия, Австралия сыяктуу 24 мамлекет мүчө болуп киришкен. IHAF Эл аралык адал аккредитациялык уюмуна мүчө болгондун артыкчылыгы бул уюмга мүчө болгон мамлекеттерге  өз продукцияларын экспорт кылууда эч кандай тоскоолдук жаралбайт»,-деди БАЭнын Эл аралык IHAF  адал аккредитациялык Форумунун генералык секретары Мохамед Бадри.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын достук алакаларын бекемдөөдө өз ара кызматташууну жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышып, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Эл аралык IHAF  адал аккредитациялык уюму менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Эки тараптуу жолугушууга Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустрия секторунун башчысы Алмаз Кайырбеков, Талан Ерназаров жана КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу катышты.