Талас облусунан ажылык сапарга баруучу жарандар эмдөөдөн өтүштү

Muftiyat.kg/ 21-июнь/ Талас шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ажылык сапарга баруучуларга атайын жыйын өтүп, анда дарыгерлер тарабынан эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кыска роликтер көргөзүлдү. Андан соң эмдөө башталып, болочок ажылар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүү менен  эмдөө алышты.  Иш чарага ажыга баруучулардын дээрлик бардыгы  катышып, эмдөөнү тастыктаган сертификаттарын алышты.

«Кандайтыр бир себептерден улам келбей калган жана ден-соолугуна байланыштуу дарыгерлер убактылуу эмдөөнү токтоткон жарандарыбыз жакынкы күндөрү эмдөөдөн өтүшөт»,-деди ажы башчы Айбек Батырбеков.