Ош шаарындагы «Саида Хадича» кыздар мдересеси өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

Muftiyat.kg/ 20-июнь/  Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Саида Хадича» кыздар медресесинде 2018-жылдагы окууну ийгиликтүү аяктаган студент кыздарга атайын диплом тапшыруу иш чарасы болуп өттү.  Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, Сауд Арабиянын дин  аалымы, профессор Адел Аболола, ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн башчысы И. Мурзабеков, бүтүрүүчү кыздардын ата-энелери, медресенин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр катышышты.  Салтанаттуу саамалык алкагында шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөтүү бул милдет болоорун, ал эми ата-энелерине мындан ары да илимин өркүндөтүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү суранды. Ошондой эле келечекте кийинки муундар да ушундай таризде улантыш үчүн медресенин мүдүрүн жана мугалимдерин  талыкпай эмгектенүүгө чакырды.