Баткенде ажылыкка баруучу жарандар сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Muftiyat.kg/ 19-июнь/ Быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө  башталды. Баткен облусунан бул жылы 591 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Учурда алар облустун борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө алып жатышат. Баткен облусу боюнча ажылыкка жоопту адис А.Жакыповдун айтымында эмдөө 19-июндан 26-июнга чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле учурда Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу жарандарга Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев атайын ажылык парздар, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу зыяраттар боюнча кеңири айтып берип, ажылык парздын бардык ибадат шарттарын үйрөтүүдө.