Бишкек шаардык мусулмандар казыяты калаадагы жогорку окуу жайлардын студенттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуп, Ислам дининин баалуулуктары, терс диний агымдардан сактануу, өз өмүрүнө кол салууну токтотуу, билим алуунун артыкчылыгы темалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Муну менен катар студенттерге ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо, адеп-ахлактын маанилүүлүгү туурасында маалыматтар берилип, Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садибакас ажы Доолов жаштарды ыймандуу, тартиптүү болууга чакырды.