Оштогу имамдар алгачкы жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарындагы “Раян” мейманканасында Ош облусунун аймагынан келген 10дон ашуун мечит имамдарына уюштурулган “Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча” эки күндүк окуу курсу жыйынтыкталды. Окуу курсун Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы Эл аралык Кызыл Чырым уюму менен биргеликте уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун тренерлери тарабынан сабактар өтүлдү. Жалпы 16 саатка созулган окуу курсунда алгачкы жардам көрсөтүү түшүнүгү, жардам берүүнүн ыкмалары жана анын тартиптери түшүндүрүлүп, ар кандай себептен улам ден соолугунан жабырланган жаранга алгачкы жардам берүү эрежелери, эс-учун жоготкон, денесинен күйүк алган, кан тамырларынан жаракат алган адамдарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча үйрөтүлдү.

Аталган окуу курсун жыйынтыктоо иш чарасына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун байланыш иштери боюнча кеңешчиси Султанбек Казанбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун тренерлери жана казыят кызматкерлери катышышты. Окуу курсун жыйынтыктоо иш чарасында мечит имамдары семинарда теориялык жактан үйрөнгөн сабактарын Кызыл Ай Коомунун ыктыярчылары менен биргеликте “Жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү” аталышындагы практикалык тапшырманы жогорку деңгээлде көрсөтүп бере алышты.  Мындай саамалыкка күбө болгон облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы имамдардын окуу курсун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, имамдар бардык тараптан билимдүү болуп, анын ичинде күтүүсүздөн ден соолугунан  жабыр тарткан адамдарга биринчи медициналык жардамдарды көрсөтүүнү өздөштүрүүсү да абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Окуу курсуна Чоң-Алайдан келип катышкан мечит имамы Акмат Шерматов жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн окуу курсунун зарылчылыгы жогору экендигине токтолду.

Бул уюштурулган эки күндүк окуу курсунда адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн мурунку көрсөтүлүүчү кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча окуп үйрөндүк. Мында адам баласы күтүүсүздөн ар кандай абалда ден соолугуна зыян келип жабыр тартып калган учурлар көп кездешет. Мындай учурда медицина кызматкерлери келгенге чейин жабыркаган адамга физикалык жана психологиялык алгачкы жардам берилүүгө тийиш. Биз бул багытта көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдын эрежелерин толук үйрөнүп, өздөштүргөнгө аракет жасадык. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болду. Андыктан, бүгүнкү күндө бул окуу курсунан ар бир адам сабак алуусу зарыл деп эсептейм –деди А.Шерматов.

Окуу курсунун соңунда бардык катышуучу имамдарга алгачкы жардам көрсөтүү аптечкалары тапшырылды.