Ош шаарында “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог» аттуу форум өттү

Кечээ, 26-сентябрь күнү Ош шаарындагы “Классик” мейманканасында КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог» аттуу форум болуп өттү. Аталган форумга  КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош шаары жана Ош облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик укук коргоо органдарынын кызматкерлери, дин жаатындагы эксперттер жана бардык диний уюмдардын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында конфессиалар аралык диалогду бекемдөө” аттуу темада доклад жасап, форумдун негизги максаты катары коомдогу туруктуулукту, мамлекеттик-конфессионалдык жана конфессиялар аралык ынтымакты орнотуп, ошондой эле калктын рухий жана адеп-ахлактык дүйнөсүн байытуу маселелери боюнча диний уюмдар жана жарандык коом менен коомдук кеңешмелерди уюштуруу деп белгиледи. Ал эми Муфтияттын окуу бөлүмүнү башчысы Акимжан ажы Эргешов “Исламдын башка диндерге болгон мамилеси”, КРнын ИИМдин өкүлү Эрлан Бакиев “Конфессиялар аралык мамилени жөнгө салуу боюнча укуктук-нормативдик актылардын негизи”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Назарбек Ырсалиев “Жарандык интеграцияны өнүктүрүү” аттуу темада докладдарды жасашты. Мындан сырткары форумга катышкан бардык диндердин өкүлдөрү диндер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча докладдарын окушуп, сунуштарын беришти. Андан соң жалпы катышуучулар үчүн талкуу уюштурулуп, катышуучулар атайын тайпаларга бөлүнүп конфессиалар аралык өз ара карым-катнашты куруунун жолдору боюнча практикалык тапшырмаларды иштешти. Форумдун жыйынтыгында бардык конфессиалардын өкүлдөрү өз ара пикир алышып, кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү боюнча макулдашышты.

Эскерте кетсек, “Конфессиалар аралык диалог” аттуу форумду өткөрүүдө ЕККУ жана “АВЕП” бей өкмөт уюмдары дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тыгыз кызматташып, көмөктөшүшкөн.