Азирети муфтий Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы коноктору!
Мамлекетибиз өзүнүн эгемендүүлүгүнүн жыйырма жетинчи жылдыгын белгилеп жатат. Алла Таалам бизге дайыма эгемен эл бойдон калууну, куттуу элибиздин ар дайым ынтымакта, биримдикте жашоосун, берекелүү жерибизде түбөлүктүү тынчтыктын орноосун насип кылсын!
Кылымдардан бери кыргыз эли коногун сыйлаган меймандос эл катары бүткүл ааламга белгилүү болуп, ошол эле учурда өз ара биримдикте, боордоштукта, бекем достукта жана ынтымакта жашап келген улуу калк. Биз ынтымак-ырашкерликте гана мамлекетибизди өнүктүрүп, бир жакадан баш чыгарганда өлкөбүздүн өнүгүүсүн камсыз кыла алабыз. Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. Алла Таалага чексиз шүгүр, токсон пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, өмүрүбүздү өткөрүп жатабыз. “Ынтымак бар жерде-ырыс бар” демекчи, ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрөлү.
Урматтуу кыргыз элим, урматтуу мусулман бир туугандар! Аллага чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун, мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, диний сөздөр эркин айтылууда. Бул дагы болсо Жараткандын колдоосу, эгемен өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсү жана динибиздин туура жайылуусу. Келгиле! Диний баалууктарды, улуттук каада-салтыбызды эске алуу менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу жана гүлдөгөн алдыңкы өлкөлөрдөн болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн улут-урууга, жерлерге бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык иш чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен жашайлы.
Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, үй-бүлөдөгү ынтымакты каалайм. Алла Таала элибизди, жерибизди ар кандай жамандыктан сактап, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, элибизге жана мекенибизге тынчтыкты, бакубат жашоону Жараткан насип кылсын.
Сиздерди терең урматтап,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев