Григорьевка айылындагы муктаж 15 үй-бүлөгө зекеттен топтолгон акча каражаты тапшырылды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиевдин катышуусунда Григорьевка айылынын борбордук мечитинде жардамга муктаж, жетим-жесир 15 үй-бүлөгө 1000 сомдон зекеттин акчасы таратылды.

Аймактарды көтөрүү жылынын алкагында жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы окуу жылына карата жардам берилди. Бул акча каражаты зекеттин эсебинен келип түшкөндүктөн 15 үй-бүлөгө 15 миң сом таратылды,-дейт баш имам хатиб.