Ошто облустук казыяты көрктөндүрүү жана тазалык кызматкерлерин айт майрамы менен куттуктады

Кечээ, 22-август күнү Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы  Акжол кары Бакиров баштаган казыят жамааты «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жана “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын чарбалык кызматкерлерин Курман айт майрамы менен куттуктап, майрамдык белектер менен сыйлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө казыят кызматкерлери көртөндүрүү кызматкерлерин иштеп жаткан жеринен күтүүсүздөн барып куттукташып, азык-түлүккө толтурулган майрамдык баштыкчаларды, Курмандык чалынган эттерди жана таттууларды таратышты. Ал эми мындай саамалыкка ыраазы болгон көрктөндүрүү ишканасынын кызматкерлери уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Куттуу Курман айт майрамы кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы болуп эсептелет. Бул күндөрү жалпы мусулмандар бири-биринин көңүлүн көтөрүп, берилген белектер жүрөктөрдү ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот. Мына ошол сезимдердин катарында биз дагы шаарыбыздын тазалыгын сактап  таң аткандан, түн бир оокумга чейин эмгектенип, шаардын көркү болгон бак-дарактарды жана гүлдөрдү өстүргөн энелерибизге жана агаларыбызга майрамдык маанай тартуулап олтурабыз. Алар жалпыбыз күн кечирип турган шаарыбызды эмгекчилдик менен көртөндүрүп келе жатышат. Алардын мээнетин жана жасаган эмгегин актоо кыйын, бирок аз да болсо көңүлдөрүн көтөрүп коюу баарыбыздын милдетибиз. Андыктан, аларды дин кызматкерлеринин атынан куттуктап, “Чындыгында момундар бир тууган” аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында Курман айт майрамына карата чалынган Курмандыктын этинен жана майрамдык баштыкчалар, таттуулар менен сыйладык. Биздин бул ишибиз артыбызда өсүп келе жаткан кичүү муундарга үлгү болушу керек, –деди Акжол Бакиров.

Эскерте кетсек,  Ош шаарындагы тазалыкты сактоо жана көртөндүрүү иштерин «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жана “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 1000ден ашуун чарбалык кызматкерлери жүргүзүп келишет.