Кыргызстандык ажылар 27-августтан тарта мекенибизге кайта башташат

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 28-августта таңкы саат 5:00до Манас аэропортуна келип конмокчу. Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарынын  убактысы боюнча түнкү саат 21:00, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча түңкү саат 12:00до Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп кетишмекчи. Ар бир каттамда 300 ажы болуп, жалпысы 18 каттам болмокчу.