Эски аянтта окулган айт намазы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 21-августта таңкы саат 7:45те Бишкек шаарындагы эски аянтта шаар тургундары жана коноктору айт намаз окушту. Айт намзга эл таңкы саат 5тен тарта чогула баштап, 6:30дан тарта дин аалымдарынын баяндарына күбө болушту. Ал эми айт намаздын расмий бөлүгү 7:15те башталып, Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосун окуп, курмандык чалуунун эрежеси боюнча баяндамасын жасады. Ал эми 7:35те КР Президентинин Аппарат жетекчиси Эсеналиев Досалы Акпаралиевич өлкө башчынын жана өзүнүн куттуктоосун айтса, андан кийин Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Джумабеков Дастан Артисбекович, Бишкек  шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбекович майрамдык куттуктоолорун жана каало-тилектерин айтышып, кыргызстандыктарга, тынчтык жана ден соолук каалашты.

Ал эми куттуктоолордон кийин майрамдык айт намаз окулуп, маркумдарга багышталып куран окулду.

Фото: kabar.kg