Азирети Муфтий Мекке шаарындагы болочок ажылардан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында ажылык милдеттерин өтөп жаткан болочок ажылардан кабар алды. Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ажылыктын ыйыктыгы жана бул сапардын түйшүгүн айтып, ыйык сапар боюнча маалымат берди. Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жылдан жылга ажылыкты уюштуруу иши жакшырып жаткандыгын айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Азирети Муфтий ажылык сапарды ачык айкын уюштурууда атайын 24 кишиден турган мекемелер аралык комиссия түзүлгөндүгүн айтып, бул иш учурда өзүнүн жемишин берип жаткандыгын билдирди.