Азирети Муфтий Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү менен жолугушуп, ажылыкты уюштуруу иштери менен жеринде таанышты. Жолугушуу учурунда 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб жетекчиси  Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстандык ажылар үчүн түзүлгөн шарттар, мекендештерибиздин саламаттыгы, ажылык амалдардын аткарылышы боюнча сабактардын өтүлүшү, медициналык пунктардын иштөөсү, жарандардын коопсуздуктары жана тамак-аштары боюнча жалпы маалымат берип, штаб кызматкерлери кезектешүү менен 24 саат иштеп жаткандыгын маалымдады.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев быйылкы жылдагы ажылык башка жылдардагыдан өзгөчө болуп, тейлөө сервистери жогорку деңгээлде болушу керек экендигин баса белгилеп, ажылар үчүн бардык кызматтарды өз учурунда бүткөрүүнү тапшырды. Жолугушуунун акырында Азирети Муфтий Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө жакшы баасын берип, ар бир учурда жоопкерчиликтүү болууга чакыруу менен иштерине ийгилик каалады.