Ысык-Көл облустук казыяты аялдар борборундагы 13 айымга 2 айлык окуу курсту ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификат тапшырды

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын алдында уюштурулган аялдар борбору 13 айымга 2 айлык окуу курсту ийгиликтүү аяктагандыгына байланыштуу сертификат тапшырды. Иш чарага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышып, сертификатка ээ болгон айымдарга балдарга туура тарбия берүү менен ар кандай терс диний агымдардын алдын алууда аялзатынын орду чоң экендигин айтып бериди.

“Аял – үйдүн гана куту эмес, ал билим – тарбиянын ыйык бешиги, жакшылыктын уюткусу, ынтымактын данакери, жылуулуктун булагы болуп саналат эмеспи. Ошондуктан биз коомубуздагы ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо жана келечек муундарыбызга жакшы тарбия берүү максатында атайын 2 айлык окуу курстарын уюштуруп жатабыз.  Учурда 10 айым окуу борборундагы 2чи айлампадан билим алышууда”,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 30-июлунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан облустук казыяттардын алдында айымдар үчүн атайын окуу борбор ачуу боюнча №04 токтому чыгарылган.