Курбан айт күнү кандай амалдар жасалат билесизби?

 

Урматтуу мусулман биртуугандар туугандар, кадырлуу кыргыз калкым! Жалпыңыздардын келе жаткан улуу “Курбан Айт” майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Алла Таала барыбызга чын ден соолук, өлкөбүзгө тынчтык, эң негизги жашообузда дин болсун.

Ислам  шариятында “Курбан айт” күндөрү  ар бир балагатка жеткен эркек-аялга миледеттенген өкүмдөр:

Биринчи: —Шарият рамазан айынан башка күндөрү жыл бою каза орозо менен нафил орозо кармагандан токтоткон эмес. Бир гана беш күн  бар алар: Орозо айт күнү жана курбан айт күнүнөн баштап төрт күн (10,11,12,13 зул-хижжа), бул күндөрдү “ташрих күнү” деп аталган себептүү ушул күндөрү орозо туткандан шарият тыю салган. Кимде-ким ушул беш күндөрү орозо кармаса күнөөкөр болот.

 Экинчи: —Арафа күнү (9-зул хижжа) эртең менен багымдат намазынан баштап 13чү зул хижжа күнү асрга чейин ар бир парз намаздан кийин бир жолу орточо үн чыгарып бул такбирди айтуу:

ألله أكبر ألله أكبر لا إله إلا الله و ألله أكبر ألله أكبر و لله الحمد

“Аллоху Акбар Аллоху Акбар Лаа Илааха илла — Аллох ва Аллоху Акбар Аллаху Акбар  ва илаахил-хамд” ваажип болот. Бул такбирди айтуу жамаат менен окугандар менен жекече окугандарга бирдей  жана ар бир балгатка жеткен эркек-аялга ваажип болуп саналат. Албетте, аял киши үнүн чыгарбай акырын айтат.

 Үчүнчү: -Кайсыл амалдар сүннөт?

  • Айт күнү эртең менен туруу.
  • Гусул кылуу.
  • Мисвак колдонуу.
  • Таза, жакшы кийим кийүү.
  • Атыр себинүү.
  • Айт намазга чейин эч нерсе жебей туруу.
  • Айт намаз окулган майданга чейин үн менен такбир айтып баруу сүннөт болуп саналат.

Төртүнчү: -Айт намаз кандай окулат?

Айт намаз дагы багымдат намазындай эле бир гана айт намазында азан менен коомат айтылбайт жана алты такбир ашыкча айтылат. Алты такбирдин үч такбири биринчи рекетта “Субахана Аллахума…”дан кийин имам кыраат кылгандан мурда айтылат. Экинчи рекетте болсо имам кыраат кылгандан кийин рүкүдөн алдын окулат. Ушул алты такбир айкандан кийин эки колду кулака чейин көтөрүлөт. Биринчи рекетте санадан кийин эки такбир айтканда кол ташталат, үчүнчү такбирди айткандан кийин эки колду кармап имамдын кыраатын угат. Экинчи рекетте биринчи имам кыраат кылгандан кийин анан үч такбир айтылат жана  айтылгандан кийин колду бош абалда калтырып рүкүгө кетет.    Кыскача айтканда айт намазда алты такбирдин үчөөсү кыраатан мурун айтылат, үчөөсү кырааттан кийин айтылат. Ортодо имам эки рекеттин кыраатын кылат, калганы багымдат намазындай эле. Албетте, намаздан кийин имам хутба айтканда аны угуу сүннөт болот, ошого шашылбай хутбаны угуп анан кетиш керек. Окулган жай намаздарды эл арасында кагып, силпей эл жок жерге барып кагып анан бүктөп кетсе жакшы болот.

Даярдаган : Кокоев Акжигит

Текшерген: Токтогазы уулу Бактияр

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмү.