Аксыдагы дин кызматкерлери аймактагы элдин руханий маданиятын көтөрүүдө иш алып барышууда

Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков райондогу айыл өкмөттүн баш имамдары менен жолугушуп, анын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан   аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алкагын иш планындагы тапшырмаларды талкуулашты.

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович да имамдар үчүн бир топ сунуштарын айткан эле, мына ошол тапшырмаларды, сунуштарды ишке ашыруу максатында имамдар менен жыйын өткөрдүк. Мында улууларды урматтоо, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, руханий өнүгүү, ниетти түздөө, уруу-урууга, улут-улутка бөлүнбөө, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жемкорлук менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жоюу, мектеп окуучулары арасында рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салуунун  токтотуу, жаштарды ыймандуулукка үндөө, үй-бүлөнү, тазалыкты сактоо, Ханафий мазхабын, Маатрудий акыйдасын жайылтуу, жети атаны, нарк-насилди билүү, жаштарды интернетте, социалдык булактарда туура эмес маалыматтарга көңүл бурбоого чакыруу, кызматты  тил менен эмес иш жүзүндө көрсөтүү, коомчулукту ыйманын, адебин оңдоо сыяктуу бир катар маселелер каралды, – деди Мырзабек ажы Абдыкалыков.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Азирети Муфтий Жалал-Абаддагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана эл менен жеринде жолугушкан болчу.