Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби шаардагы милиция кызматкерлери менен жолугушуп, тарбия туурасында пикир алышты

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков жана Майлуу-Суу ШИИБ башчысы Алмаз Айбашевдин демилгеси менен  “Насаат айтуучу башкаларга жакшы үлгү болушу керек» аттуу тематиканын алкагында Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине атайын баяндама уюштурулду. Тартип сакчылары менен уюштурулган жолугушууда тарбиянын орду, ыйман менен адеп, коопсуз шаар темалары боюнча баарлашуу жүргүзүлдү.

Ал эми жолугушуу бүткөн соң тарбия ирээтинде убактылуу кармалуучу жайдагы жарандарга адептүүлүк, ыймандуулук тууралуу баяндар айтылып, аларга белекке балмуздак таратылды.