Бүгүн, 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу ыйык Мекке шаарына учуп кетти

Бүгүн, 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу, 18чи рейс  ыйык Мекке шаарына учуп кетти. Учурда 17-каттам Бишкек-Медина, Ош-Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча учуп, болочок ажылар ыйык жайларда өздөрүнүн ажылыкка тиешелүү ибадаттарын аткарышууда. Бүгүнкү күндө ажылардын бардыгы Мекке шаарындагы мейманканаларга жайгашышып, 2 маал ысык тамак, ыйык Харам мечитине ташуучу автобустар менен камсыз болушкан.