Баткен облусундагы болочок ажылар Мекке шаарына жетишип, алгачкы ибадаттарын баштады

Баткен облусунан барган болочок ажылардын биринчи жана экинчи  тобу ыйык Мекке шаарына келишип, Какия жана  Дауар Кудай районундагы мейманканалардан орун алышты. Ажы башчылардын айтымында учурда болочок ажылар аман-эсен  жана умра амалдарын аткарып бүтүп, ихрамдан чыгышты. Учурда мекендештерибиз ыйык Харам мечитинде нафил тавафтарды аткарышууда. Ал эми Мекке шаарындагы ажыларды мейманканадан ыйык Харам мечитине жеткирүү боюнча атайын автобустар 24 саат иштеп, түнү менен ыйык Харам мечитине барам дегендер үчүн кызмат көрсөтүүдө дейт жеринен ажы башчылар.