Ала-Бука районунда Шах-Фазил тарыхий комплексинин келечектеги планы талкууланды

Аймактарды өнүктүрү жылына карата Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Билим шамы орто мектебинин жыйындар залында чоң тегерек стол өтүп, анын алкагында Шах-Фазил тарыхий комплекстин келечектеги планы талкууланды. Тегерек стол алкагында Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Галыбжан Сарманкулов туризм тармагынан түшкөн каржы булактар кээ бир айыл өкмөттүн муктаждыктарына, Шах-Фазил тарыхий комплекске жана кайрымдуулук иштерге жумшаларына токтолуп, Фазил тарыхый комплекс жөнүндө түшүндүрмө берди.

Тегерек столдун негизги максаты  “Кыргын мечитинде” жана  “Сафед-Булан” аттуу жерлерде алгачкылардан болуп Ислам динин жайылышы жана сахабалардын жана аалымдардын баскан жерлери тууралуу маалыматтарды талкуулоо, келечекте Шах-Фазил тарыхий комплексин тарыхий туристтик базага айландыруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат,- деди райхатиб Шумкар ажы Чыналиев.

Райондук деңгээлде өткөн тегерек столго Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Эмил Ырыскулович, Жалал-Абад шаарындагы “Арстанбап” ЖЧКнын башкы директору Эркин ажы Бегимкулов, аталган райондун айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттүн баш имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  Сафед-Булан айылынын тургундары жана Шах-Фазил тарыхый комплекстин кызматкерлери  катышты.

Маалымат үчүн:

Маалыматка ылайык, XI-XII кылымга таандык мавзолей, алгачкы жолу 1967-жылы реконструкцияланган. «Шах-Фазиль» тарыхый-архитектуралык комплексин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында жайгашкан. Ага «Арча-Мазар» ыйык тоосуна курулган Аламбердар мавзолейи менен 2700 ислам жоокери курмандыкка чалынган үңкүр, мечит, Шах-Фазиль жана Сафид-Булан мавзолейлери кирет.          

Фото: www.gov.kg, www.time.kg