Жайыл районундагы имамдарга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Жайыл районунуна караштуу Кара-Балта шаарындагы «Куран-Нуру» Ислам институтунун жыйындар залында районго караштуу  имамдарга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №337 буйругунун негизинде  өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча семинар өттү. Семинарга Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев, райондогу өрт өчүрүү кызматынын  бөлүм башчысы, майор Самат Аманкулов,  ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн кызматкер, капитан Эргешбай уулу Улук жана Жайыл районунун имамдары катышышты.

Дин кызматкерлерине уюштурулган семинар алкагында имамдарга өрт өчүрүүчү такталардын орнотулушу, өрттүн алдын алуу, өрт өчүрүүчү жабдыктарды колдонуу эрежеси жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча бир катар эрежелер түшүндүрүлдү. Ал эми Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев ӨКМ жана өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан айтылган эрежелерди сактап,  кош көңүл мамиле кылбоого чакырды. Ошондой эле райхатиб жол эрежесин сактоо, сууга түшүүдөгү коопсуздуктар боюнча  имамдарга бир катар тапшырмаларды берип, булар боюнча мечиттерде жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.