Дарыгер Бейшен ажы Арбышов: «Медина шаарындагы мекендештерибиздин саламаттыгы жакшы»

Медина шаарындагы мекендештерибиздин саламаттыгы жакшы. Бул туурасында жеринде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги тарабынан жиберилген дарыгерлер тобунун жетекчиси Бейшен ажы Арбышов билдирди.
Учурда Медина шаарында 4 дарыгер эмгектенип, болочок ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөшүүдө. Дарыгердин айтымында бүгүнкү күнгө чейин олуттуу кайрылуулар болгон эмес.

Дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар. Болочок ажыларыбыздын саламаттыгы жакшы жана маанайлары жогору. Быйылкы жылы катарыбызда хирургтар, терапевттер, кардиолог жана кардио-реаниматолог, акушер-гинеколог, эпидемиологдор бар. Быйылкы жылы 16 дарыгер Кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөйбүз. Эртең, 1-августта Бишкек-Джидда багыты боюнча 12 дарыгерибиз учуп келет,-деди Бейшен ажы Арбышов.

Учурда Мекке шаарында Кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөө үчүн 3 медициналык пункт даярдалып, дарыгерлер тобу бекитилген трафиктин негизинде иштешмекчи.