Эртең, 31-июлда Азирети Муфтий аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Нарын облусуна барат

Эртең,  31-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  расмий иш сапары менен Нарын облусуна барат. Иш сапар алкагында Азирети Муфтий  Кыргыз Республикасынын  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушаары күтүлүүдө.

Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев облустук администрациянын жыйындар залында өтүүчү  жыйынга катышып, Нарын облусунун аймагындагы дин кызматкерлери менен жолугушмакчы.

Нарын облусунун мамлекеттик администрациясында өтө  турчу жыйынга  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Жакшылык ажы Борочоров  катышмакчы.