Бишкек-Медина багыты боюнча учуп кеткен акыркы каттам Медина шаарындагы мейманканаларга жайгашышты

Бишкек-Медина багыты боюнча учуп келген акыркы рейс бүгүн, 29-июлда Медина шаарына жетишип, мейманканаларга жайгашышты.  Учурда Бишкек шаарынан  акыркы рейс менен учуп барган болочок ажылар өздөрүнүн зыяраттарын аткара башташып, эртеңден тарта ыйык жайлардын тарыхы менен  тааныша башташмакчы.

Ал эми эртең, 30-июлдан тарта Ош-Медина багыты боюнча алгачкы каттамдар башталып, Баткен, Ош облусу, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунан ажылык сапарга катталган талапкерлер өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Медина шаарына жөнөп кетишмекчи.