Кадамжайдын «Бак» айылынын имамы муктаж 2 үй-бүлө 20 мүшөктөн көмүр таратты. Кайрымдуулук жардам районго караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн «Бак» айылдагы муктаж, жетим балдарды тарбиялаган эки үй-бүлөгө көрсөтүлдү.
Биз албетте элдин кызматында болгондуктан, ортомчулук милдетти эле аткарабыз. Элден түшкөн каражат, буюмдар адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлүп берилүүдө. Кайрымдуулук ишине айылдагы кээ бир адамдардын дагы салымым бар,- дейт Мамарасул Ураимов
Ал эми мечит имамы Мамарасул Ураимовдун айтымында кайрымдуулук иш чаралары буга чейин дагы уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардамдар берилип келүүдө.