Кыргызстандык болочок ажылар Медина шаарындагы мейманканаларга жайгашышып, алгачкы ибадаттарын башташты

Кыргызстандан ажылык сапарына аттанган болочок ажылар Сауд Арабиянын Медина шаарындагы 5 жылдыздуу «Жавахир Ас Сакифа» жана «Мавадда Ан Нур» мейманканаларына   жайгашышып, өздөрүнүн алгачкы зыяраттарын башташты. Учурда Медина шаарында ажылыкты уюштуруу боюнча шатб өкүлдөрү болочок ажыларга кызмат көрсөтүшүп, ажылык ибадаттары боюнча уюштурулуп жаткан сабактарга активдүү катышууга чакырышууда.

«Болочок ажыларыбыз мейманканаларга жайгашып атышат. Мекендештерибиздин маанайлары абдан жакшы. Учурда ажыларыбызга 2 маал ысык тамак берилип жатат»,-деди Медина  шаарындагы штаб мүчөлөрү.

Эскете кетсек, бүгүн таңда Кыргызстандык ажылардын 2чи тобу өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Медина шаарына учуп кетишкен. Ал эми бүгүн, 26-июлда кечки саат 21:20да Кыргызстандык ажылардын 3чү тобу Медина шаарына учуп кетмекчи.