Баткен облусунун казысы Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресеси үчүн курулуп жаткан жатканадан кабар алды

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресеси үчүн курулуп жаткан  жатакана  менен жеринде таанышып чыкты. Курулуштун жүрүшү менен таанышкан облус казысы медресенин жатаканасы  билим алган студенттерге ыгайлуу шарт түзүп, алардын терең билим алуусуна себепчи  боло тургандыгын айтып, куруучулардын ишине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, заманбап жатакан 3 кабаттан туруп, анда эс алуучу бөлмө, ашкана, китепкана жана башка шарттар каралган. Медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин айтымында жатакана сентябрь айында өз ишин баштайт.