Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 25-июлда Медина шаарына учуп кетишти

Бүгүн, 25-июлда Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобун узатуу салтанаты Манас-2  эл аралык аэропортунда өтүп, болочок ажыларды узатуу иш чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана УРШ мүчөлөрү катышты.

Узатуу саамалыгынын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык учурунда Кыргызстандын жүзүн көрсөтүп, башка мамлекеттен келген ажыларга үлгү болууга чакырды. Муну менен катар ажылык учурунда улууларга урмат көрсөтүп, карыяларга көңүл бөлүүгө чакырды. Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Кыргызстандык ажылардын аман-эсен кайтып келишин жана ажылык иштери бир топ алдыга жылып, ажылардын урматы менен мекенибизге кут келип жаткандыгын билдирди.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп кетишүүдө. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

Алгачкы ажылардын тобун коштоп кеткен ажы башчылар:

Акматов  Кабылбек  Эгембердиевич

Нурдин уулу  Сүйүнбек

Кекебаев  Кенжебек  Дүйшөнович

Узеналиев  Сулумбек  Дилдебекович

Акимбай уулу  Равшанбек

Кадыров  Шамсиддин  Сайдуллаевич