Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына эсен-аман жетишти (фото)

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сабуд Арабия Падышачылыгынын Медина шаарына эсен-аман жетишти. Бул туурасында ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөсү Жигитали ажы Исмаилов жеринде кабарлады. Учурда ажыларды тосуп алуу, автобустарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы. Эң өзгөчөлүгү быйыл биздин жарандарыбыз үчүн заманбап автобус жана мейманкана Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитинен 20 метр алыстыкта жайгашкан,-деди Жигитали ажы Исмаилов.

Эскерте кетсек, бүгүн кечки саат 22:00до Кыргызстандык ажылардын 2 тобу Медина шаарына учуп кетмекчи.