Ошто ажылык сапарга аттанган зыяратчыларды окутуу иштери жүргүзүлүп, Ажылык китептери таратылды

Бүгүн, 13-июлда Ноокат районунун борбордук мечитинде ажылык сапарга аттанган зыяратчыларды окутуунун экинчи айлампасы уюштурулуп, иш-чаранын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков которгон “Ажылык рух азыгы” аттуу китеби зыяратчыларга тапшырылды.

Буга чейин ажылык ибадаттарды аткарууга байланыштуу чыккан китепчелерде ажылыктын парз жана важип амалдарына гана басым жасалып түшүндүрүлүп келген. Ошол себептен улам ажылык парзын өтөөгө бара жаткан жарандар жана жалпы эле коомчулук арасында ажылыктын өзгөчөлүгү жана руханий тарабын да кеңири түшүндүрүп берген атайын колдонмо китепке муктаждык жаралып, былтыркы жылы котормону басып чыгарып, бардык ажыларга акысыз таратканбыз. Ошол салтты улай быйыл да ажыларга китептерди таратып баштадык. Котормо китепти даярдоодо түрк аалымдары Бүнямин Эрул менен Экрем Келештин ажылык туурасындагы эмгегин которууну негиз кылып, өзүбүздүн дагы кошумча илимий-эмгектерибизди камтыдык. Китепти даярдоонун негизги максаты ажылардын ажылыктын маани-маңызын жана өзөгүн абдан жакшы түшүнүп, милдеттерин так аткаруусуна жана бул маанилүү окуянын өз жашоолорунун нугунун жакшы жакка өзгөртүлүп, бурулуусуна түрткү болууга салым кошуу, – деп билдирди.

Ошну менен катар эле Абдималик ажы Турсунбеков жалпы зыяратчыларга ажылык сапар учурунда парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу жана чач алуу эрежелерин кеңири айтып берди. Мындан сырткары  Арафат жана Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын машакаттарына сабыр кылуу, Каабаны айлануу эрежесин жана ажылык зыярат учурунда ибадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо боюнча коюлган эреже-тартиптерди слайд-шоунун жардамы менен түшүндүрдү.